Биз менен байланышыңыз

УКМК ишкер Имамидин Ташовду кармады

Кыска кабар | 22 Апр 2024 | 313 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн Имамидин Ташов кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды.

Буга чейин УКМК тарабынан KG-групп компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовго издөө жарыяланган.

Учурда тиешелүү тергөө иштери журүп жатат.

УКМК төрагасы Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын айтты

Copyright © 2017 Maral FM