Connect with us

УКМК төрагасы Имамидин Ташовго издөө жарыяланганын айтты

Кыска кабар | 10 Янв 2024 | 451 | 0

KG-групп компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовго издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин 10-январдагы жыйынында айтты.

«Биз Имамидин Ташовдун отурган жеринде башкалар менен сүйлөшкөн сөздөрүн бүт жаздырып алганбыз. Ташовду эмнеге кармаганбыз? Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринин жашоочулары мага кайрылган, «ушул жерде канча жылдан бери жашап, кызыл китеп ала албай жатабыз, Ташовго чара көрүп бериңиз» дешкен. Бул боюнча Ташовду камап, жашоочулардын айткан дооматтары тастыкталган. Ал 52 млн сомду Бишкек шаарынын бюджетине төгүп берди. Эми УКМК кызматкерлери доолады делген 100 млн сом боюнча айтайын.

Ал СИЗОдо отурган жеринде Тилекмат Күрөнов менен бирге сүйлөшкөндөрүн жаздырып алганбыз. Ал Кыргызстанда кайсы күнү төңкөрүш кылышарын сүйлөшүп атышат, бир нече күн сүйлөшүштү. Ошого карабастан биз аны чыгардык, дагы байкадык, качан төңкөрүш кылышар экен деп. Мен ачык айтып жатам. Имамидин Ташов кечээ видео кайрылуусун жарыялады. Ага чейин Тилекмат экөөнүн 100 млн сом талап кылышты деп айтып кое бер, эл баары бир ишенет деп сүйлөшкөндөрү бар. Биз аны баары бир кармайбыз, төңкөрүш уюштурууга даярдангандыгы үчүн жоопко тартабыз», — деди Ташиев.

KG-групп компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун видео кайрылуусу 9-январда социалдык тармактарга тарады. Аны алгач «Фейсбук» колдонуучу Тилекмат Куренов жарыялады.

Имамидин Ташов кайрылуусунда айткандай, 27-декабрда «күч кызматкерибиз» дегендер кыйнап алып кетишип, сегиз күн белгисиз жерде кармашкан. Ишкер ар кандай жолдор менен коркутушканын, ноябрь айында камап, 52 миллион сом бюджетке төктүрүшүп, «сол чөнтөккө 100 миллион бересиң» деп чыгарышканын кошумчалады.

«Албетте, бул жөн эмес. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тууну алмашууга каршы акциялар жүрүп, тынчтык митингдер пландалып жатты. Каршы пикир жараткандарды камоолор менен коштолуп жатты. Мен да пикиримди айтсам, салымымды кошсом деген нерсени кылдыртпай, мени уурдап, кармап жатышты. Тууну алмаштырууга да, өзгөчөлүк киргизгенге да каршымын. Ар бир жасалып жаткан мыйзамсыз иштер эмоцияңды чыгарууга аргасыз кылат экен. Макул камаса камасын, бирок өлүм менен да коштолуп кетип жатат. Эмне деген коом болдук? Мен мындай нерселерге унчукпай коюуга дитим барбады. Адилетсиздикке каршы биригебиз жана күрөшөбүз. Мындан кийин бат-бат чыгып, болгонун болгондой айтып турабыз», — деди ишкер.

УКМКнын маалыматы боюнча, «Бишкек башкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан жер астындагы унаа токтоочу жайы бар 12 кабаттуу турак үйдү курууга архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттарды мыйзамсыз иштеп чыккандыгы аныкталган.

Ошол эле учурда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболору жүргүзүлгөн.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында компания мыйзамсыз түрдө 280 орундуу бала бакчанын (Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 30-июлундагы №417 токтомуна ылайык) ордуна 2 көп кабаттуу үй куруп, сатып жиберген.

«Көрүлгөн комплекстүү чаралардын жыйынтыгында курулуш компаниянын ээси – Т.И.А. мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтурду. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 8-декабрдагы чечиминин негизинде анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM