Биз менен байланышыңыз

Казак президенти Садыр Жапаровду «Достык» ордени менен сыйлады

Кыска кабар | 19 Апр 2024 | 90 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду І даражадагы «Достык» ордени менен сыйлады. Токаев эки элдин бир туугандыгын бекемдөөдө Садыр Жапаровдун ролун баалап, Казакстан Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров Токаевдин І даражадагы «Достык» ордени менен сыйлоо чечими эки өлкөнүн ортосундагы саясий ишенимдин жогорку деңгээлин, стратегиялык өнөктөштүктү ырастай турганын айтты.

Садыр Жапаров 18-апрелде Казакстанга расмий сапары менен барды. Астананын эл аралык аэропортунан аны Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Садыр Жапаров кыргыз-казак жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына жана Астана шаарында «Манас» кыргыз эпосунун каарманынын айкелинин ачылыш салтанатына катышат.

Сапардын алкагында «Кыргызстан – Казакстан» бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздор форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM