Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Көк бөрү федерациясына жетекчи болду

Кыска кабар | 19 Апр 2024 | 99 | 0

Бүгүн, 19-апрелде Көк бөрү федерациясынын кезексиз жыйыны өтүп, Рамис Жунусалиевдин федерациянын жетекчилигинен кеткени маалым болду.

Федерациядан кабарлашкандай, башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды.

Рамис Жунусалиев федерациянын биринчи вице-президенти болуп шайланды.

Былтыр 17-октябрда федерациянын конференциясы Бишкекте өтүп, жетекчиси алмашкан. Талас Бегалиев өз каалоосу менен кызматтан кетерин билдирип, ордуна ошол кезде вице-президент болуп иштеп жаткан Рамис Жунусалиев жетекчи болгон.

Курманкул Зулушев былтыр 13-августтан бери эл аралык Көк бөрү федерациясын жетектеп келген. Ал эки федерацияга тең жетекчи болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM