Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча №42 протоколдун ишке ашуусу талкууланды

Кыска кабар | 19 Апр 2024 | 187 | 0

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматтары №42 протоколду ишке ашыруу боюнча жумушчу топтордун жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу биргелешкен билдирүү жасашты.

15-апрелде Согди облусунун Гулистон шаарында жумушчу топтордун жыйыны өттү. Ага Кыргызстандан Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстан тараптан Чек ара кызматынын башчысы Ражабали Рахмонали, Согди облусунун төрагасы Ражаббой Ахмадзода, эки өлкөнүн аймактык чек ара жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Жолугушууда тараптар чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу жөнүндө 42-протоколду ишке ашыруу, чек араны кайтарууда биргелешкен ишмердүүлүктү координациялоо маселелерин талкуулашты.

Кыргызстан менен Тажикстандын конструктивдүү жана пайдалуу кызматташтыгы элдин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берери, өлкөлөрдүн тынчтыгын, туруктуулугун, коопсуздугун камсыз кылууда негизги фактор болуп саналары белгиленди.

№42 протоколдун пункттарын аткарууга багытталган иш-аракеттер жогору бааланды.

Кыргыз-тажик мамилелерин тереңдетүүнүн, жетишилген макулдашууларды өз убагында жана толук ишке ашырууну камсыз кылуунун, ошондой эле чек ара коопсуздугун камсыздоодо кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту.

Кыргыз-тажик чек арасы: №42 протокол кимге пайда, кимге зыян?

Copyright © 2017 Maral FM