Connect with us

Кыргыз-тажик чек арасы: №42 протокол кимге пайда, кимге зыян?

Саясат | 26 Сен 2022 | 2237 | 0

25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов акыркы кол салуудан кийин экинчи ирет жолугушту. Анда эки тарап бир нече пункттан турган протоколго кол коюшту. Камчыбек Ташиевдин элге берген түшүндүрмөсүндө чек арадагы төрт пост эки тараптан тең алынары маалым болду. Мындан сырткары чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча комиссиялар ишин кайрадан улантары айтылды. Төрт посттун алынышы коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратууда. Мындан эмне өзгөрөт? Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов «Кызыл-Бел» чек ара өткөрмө бекетинде жолугушуп, кезектеги №42 протоколго кол коюшту. Анын жыйынтыгында мындан ары чек ара аймактарындагы чыр-чатакка жол бербөө максатында төрт чек ара посту эки тараптан тең алынары элге маалымдалды.

Тараптар «Тамдык» (КР) жана «Бедак» (РТ) заставаларын, «Булак-Башы» (КР) жана «Кех» (РТ) постторун, «Катта-Туз» (КР) жана «Каракчикум» (РТ) постторун, Чайхана жерлигиндеги «Ак-Сай» (КР) постун жана Ходжай-Аъло жериндеги «Шаршене» (РТ) постун алып салууну, чек араны коргоо бөлүктөрүнүн ар кандай түрлөрүн койбоону макулдашты. Ошондой эле келишимге ылайык, аталган бөлүмдөрдүн имараттары жана курулуштары консервациялана турган болду. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кайтаруу көчмө кезметтер менен жүргүзүлөт. Алар чек араны бойлой көрсөтүлгөн жана макулдашылган багыттар боюнча иш алып барат.

Мындан тышкары тараптар жаңжал көп болуп турган тилкелерге видеокамера орнотууну паритеттик негизде макулдашкан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы «Тамдык» заставасын жана үч постту алуу боюнча макулдашылган №42 протоколдун көчүрмөсү бүгүн жарыяланып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.

«Ошентип биз бирден застава, үчтөн постту жок кыла турган болдук. Себеби биз бирөөнө жер өткөрүп берүү боюнча протоколго кол койгон жокпуз. Чек араны аныктоо боюнча кол коюлган жок. Бул жерде конфликтти чечүүчү гана протоколго кол коюлду. Ал эми чек араны аныктоо, кайсы тарапта кандай болорун эки өлкөнүн чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча комиссиялары чечет. Ал комиссия да жакында ишин баштайт. Андан сырткары ошол посттор алынган жерлерде ар бир тарап камераларды орнотот. Камералар күнү-түнү байкап турат. Ошондой эле аталган посттордун тегерегинде эл жашабайт». 

Посттордун алынышы боюнча журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов пикирин билдирди. Анын айтымында, тажик тарап ар дайым жылма экспансия кылып келген. Акыркы жылдары ачык эле агрессивдүү экспансияга өтүп алышкан.

«Тажик тараптан буга чейин жылма экспансия жасалып келген, мына ошол посттор жылма экспансиянын жолун тосуп турган. Биздин чегибиз деп, ошол жерге куралчан аскерлерибиз коюлган. Эми азыр ошол посттор алынса, кайрадан жылма экспансия күчөп кетиши мүмкүн. Ушул жагы опурталдуу, чочулата турган жагдай. Булар кандай жана эмне максатта кол коюшту? Былтыркы кагылышта шашылыш түрдө тигил тараптын басымы менен №39 протоколго кол коюп беришкен. Дагы эмне себептен ушундай болуп жатат? Кыргыздар эч качан тажиктердин жерине кызыккан эмес. Жылма экспансияны алар ар дайым жасап келген. Акыркы мезгилде алар куралдуу экспансияга өтүп жатышат. Ушундай абалда посттордун алынышы мени аябай чочулатып турат».

УКМК протоколдо айтылган посттор жайгашкан тилкелерде калк жашабай турганын да кошумчалаган. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандары тарабынан мурда колдонулган Тамдык (КР) — Бедак (ТР), Булак-Башы (КР) — Кех (ТР) аймактарында айыл чарба иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышы керек.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев кыргыз-тажик чек арасындагы алынып жаткан постторду Ворухту кысуу үчүн койдурганын айтып берди.

«Ал постторду мен койгон элем. Себеби Никита Хрущёвдон башталат. Ал СССРди 1953-1964-жылдары башкарган. «Перспективасы жок айылдарды көчүрүү керек» дегенде «биздин азаматтар», өзгөчө Баткен районунун «азаматтары» Ворухтун тегерегиндеги төрт айылды көчүргөн. Ал айылдардын ордун тажиктер ээлеп калган да, Ворух кеңейип кеткен. Азыр эми постту алса, Ворух андан да кеңейип кетет. Тоонун ары жагында Тажикстандын Матча (Мачайи) району бар. Ал жактан наркотик ташылат. Өзүңөр билгендей, 1999-жылы душмандар Баткенге ошол жактан Ворухка карай өтүп, анда 52 азаматыбызды атып салган. Эми мындай окуяларды «биздин азаматтар» унутуп калып жатышат. Тажиктер Ворух анклавына эмне үчүн аскер техникасын жана аскерлерин алып кирип алганы түшүнүксүз. Анклавда милициядан башка эч кандай күч болбошу керек. Жалгыз гана милиция болушу керек. Алардын техникасын жана армиясын биздин Төрт-Көчөдө турган посттордон өткөрүп жиберишкен. Ошондуктан булар Капчыгайды талкалады. 180 үй өрттөлүп, 6 кишини, тооккананын ээсин атып салышты. Постторду алып, УКМКнын башчысы протоколду толук аткарганга аракет кылам десе, Баткен менен Лейлек 20-30 жылда анклавда калышы мүмкүн».

Кабыл алынган протокол Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси толук аяктаганча убактылуу болуп эсептелет деп белгиленип, ар бир чек ара тилкеси спутник, учкучсуз учуучу аппараттар аркылуу 24 саат бою кайтарууда болот.

Камчыбек Ташиев төрт заставанын алынышы жергиликтүү элдин макулдугу менен болгонун билдирди. Анын айтымында, ал постторду алуудан мурда бир-эки жолу Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушкан. Жергиликтүүлөр Тажикстандын «Бедак» заставасын алдырууга макулдук беришкен.

«Жумушчу комиссия эки жолу ак-сайлыктар менен жолуктук. Кечээ Ак-Сайдын активдүү 50дөн ашык жаранын чогултуп, жолугуштум. Алардын арасында айыл өкмөт башчысы Алимбек Сабиров деген жигит жана айыл башчысы Эркин деген киши бар болчу. Алар менен сүйлөшкөндө мага «Тажикстандын «Бедак» заставасын алдырууга күчүңүз жетсе, анда биз макулбуз» дешкен. Биз эл койгон бардык талапты аткардык».

Бирок канча жаран кандай иштерге макул болгону боюнча расмий документ жок. Протоколго ылайык, кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери бүткөнгө чейин аймакты өздөштүрүүгө, түрттүрүүгө, курулуш жүргүзүүгө жана байланыш каражаттарын койдурууга жол берилбейт. Жергиликтүү тургундардын айыл чарба иштерин улантуусу камсыздалат.

Баткен облусунун губернаторунун мурдагы биринчи орун басары Максатбек Дыйканов акыркы кол салууга чейинки абалды, «акырын жер ээлөө болбой турганын так жазуу керек эле» дейт. Эмки маселе ошол жерлерди көзөмөлдөгөн патрулдардын иш алып баруусуна байланышуу экенин кошумчалады.

«Бул посттор убагында коюлгандан кийин алар биздин тоолорго чыгуусун токтоткон, арчаларды кесүүсүн токтоткон. Азыр эми «Тамдык» постун тажиктер тегиздеп салыптыр. А «Булак-Башыны» канчалык жок кылышканы боюнча маалыматым жок. Бул протоколдо ал жерге элди жакындатпай, эч кандай чыр чыкпагандай кылабыз деп жатат. Ал эми эл мурдагыдай эле айыл чарба иштерин жүргүзө беришет дептир. Эми бул жерде конфликтке чейинки абалды так ошол жерге жазып койсо болмок. Мындан ары акырын жер ээлемей болбошу керек жана патруль жакшы иштеп бериши керек. Андан кийин «Катта-Туздагы» кендерди иштетип жаткан «Кыргызнефтегаз» мындан кийин да ишин улантабы же токтоп калабы? Андан кийин Ворухка согуш техникалары кантип өтүп кеткен? 2015-2016-жылдары Хожалынын чыга беришинде жана Ак-Сайдан Ворухка кире берген жерде посттор турган, ошол постторду ким алдырган? Мына ошолорду таап, жоопко тартуу керек. Эгерде ошол посттор турганда Ак-Сайды кечээкидей жер менен жексен кылбайт болчу».  

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде тажик тараптан ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин 5 аймагынан ок чыгарышкан. 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн. Бирок 16-сентябрь таңкы саат 6:00дө тажик тарап Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жерлигиндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган. Акыркы кол салуу беш күнгө созулуп, тажик тарап бронетехниканы, реактивдүү системаларды жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын «тирүү калкан» катары колдонгон. Тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 62 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жаракат алды. Ошондой эле ушу кезге дейре дайынсыз болуп жаткандары да бар. Алдын ала маалыматтарга караганда, 600дөн ашык коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган.

Copyright © 2017 Maral FM