Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Астанада Токаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Кыска кабар | 19 Апр 2024 | 189 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Астанада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен расмий жолугушуусу өттү. “Акорда” президенттик сарайында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлдү.

Мамлекет башчылары расмий делегацияларды тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан ары өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү. Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө башчылары чакан форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

18-апрелде Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапары менен барды. Астананын эл аралык аэропортунан Кыргызстандын президентин Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Садыр Жапаров кыргыз-казак жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына жана Астана шаарында «Манас» кыргыз эпосунун каарманынын айкелинин ачылыш салтанатына катышат.

Сапардын алкагында «Кыргызстан – Казакстан» бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздор форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM