Биз менен байланышыңыз

УКМК Алайдагы борбордук автобекет мамлекетке кайтарылганын билдирди

Кыска кабар | 19 Апр 2024 | 64 | 0

Ош облусунун Алай районундагы базар баасы 65 миллион 350 миң сомду түзгөн борбордук автобекет мамлекетке кайтарылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Гүлчө айыл аймагында жайгашкан, мурда «Гүлша-автобекети» мамлекеттик акционердик коомуна таандык болгон борбордук автобекет өз убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды.

«Гүлша-автобекети» мамлекеттик акционердик коомунун жооптуу адамдары, өздөрү тиешелүү болгон мамлекеттик ишкананын акцияларынын 70% ын, жалпы аянты 0,42 гектарга жакын жер тилкесин жана 135 чарчы метрди түзгөн административдик имаратын сатып жиберген.

Мындан тышкары, ушул эле адамдар Гүлчө айыл аймагынын кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп алып, 2015-жылы укук белгилөөчү документтерди алышкан. Аталган автобекет учурда коомдук базар катары иштеп, соода түйүндөрүн ижарага берүүдөн ай сайын 500 миң сомго жакын киреше жеке чөнтөккө түшүп турган.

Факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада 0,42 гектар жер тилкеси менен борбордук автобекет жана 135 чарчы метрди түзгөн административдик имарат ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды.

Борбордук автобекеттин базар баасы 65 миллион 350 миң сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM