Биз менен байланышыңыз

Таза аба үчүн күрөш: Бишкектеги мектепке аба тазалагычтар берилди

Кыска кабар | 19 Апр 2024 | 134 | 0

Бишкектеги №59 мектепте MoveGreen экологиялык кыймылы пульмонолог-врачтар менен бирге «таза аба үчүн күрөштө жаштарды колдоо: Кыргызстандын орто мектептеринде абанын булганышынын таасирин азайтуу» долбоорунун алкагында, лекцияларды жана воркшопторду өткөрдү.

Окуучулар булганыч аба жугуштуу эмес оорулардын өнүгүшүнө таасирин тийгизерин, андан ден соолугун кантип сактоо керектиги тууралуу маалымат алышты.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча сабактардын жүрүшүндө балдар катардагы жаран катары мыйзам чыгаруу жана жарандык активдүүлүк аркылуу таза айлана-чөйрөгө болгон укуктарын кантип коргой аларын үйрөнүштү .

Кесепеттерди жеңилдетүүнүн чарасы катары мектепке заводдо жасалган аба тазалагычтарды белекке бердик, ошондой эле 7-9-класстын окуучуларына бюджеттик тазалагычтарды үйдө да, мектепте да оңой дем алуусу үчүн өз колдору менен кантип чогултуу керектигин көрсөттүк.

Бул долбоор мектеп окуучулары арасында экологиялык маданиятты калыптандыруу жана Бишкекте абанын булганышына каршы активдүү күрөшүү багытындагы маанилүү кадам болуп калды ” , — деп айтылат уюмдун маалыматында.

Дүйнөдө экологиянын бузулушу жана анын адамдын саламаттыгына тийгизген кесепети барган сайын актуалдуу болуп баратат.

Кыргызстанда эрте өлүмгө жана майыптуулукка алып келген негизги жугуштуу эмес оорулар — жүрөк-кан тамыр, онкологиялык, өнөкөт респиратордук оорулар жана кант диабети саналат. Бул илдеттерге Бишкекте жыл бою байкалган абанын булганышы себеп болууда.

Кырдаал жылытуу мезгилинде начарлайт — борбор калаа IQ Air версиясы боюнча дүйнөдөгү абасы эң булганган шаарлардын рейтингинде бир нече жолу алдыңкы орундарды ээлеген. Абаны булгоочу заттардын концентрациясы улуттук жана эл аралык чектен ашат.

ЮНИСЕФтин Бишкектеги изилдөөсүнө ылайык, жылытуу үчүн көмүр колдонгон үйлөрдө жашаган балдар жана өспүрүмдөр борбордук жылытууда жашаган балдарга караганда бир жыл ичинде орточо 33% көбүрөөк зыяндуу таасирге дуушар болушат.

Мындан улам MoveGreen экологиялык кыймылы калкка, өзгөчө балдарга жана өспүрүмдөргө абанын булганышынын кеспеттери жөнүндө маалымат берүү өтө зарыл деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM