Биз менен байланышыңыз

Адам органдарын саткан топтун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 269 | 0

Кыргызстанда Адам органдарын мыйзамсыз сатуу менен алектенген өлкөнүн чегинен тышкары сатуу боюнча туруктуу мыйзамсыз канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топ аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн  тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында З.Р.З. аттуу жаран менен алдын ала макулдашуу боюнча адам органдарын сатуу каналын уюштурган К.А.К. аттуу жаран аныкталган, ал чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акчаны (80 миң долларга чейин) төлөөгө даяр бейтаптарды таап берген.

Донорлорду таап, аларды трансплантациялоо үчүн өздөрүнүн ички органдарын алдоо жолу менен берүүгө азгырышкан.

Донорлор медициналык текшерүүдөн өтүүсү керек болгон, бирок организмдин абалына карабастан оң корутунду чыгарылып келген. Мындан  тышкары уюштуруучулар коррупциялык жолдор аркылуу операция жасалуучу клиникага тапшыруу үчүн бейтап менен болгон мамилеси тууралуу жасалма документтерди жасап, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып турушкан.

Донорлор бир бөйрөгү үчүн орто эсеп менен 1 миң АКШ долларынан 7 миң АКШ долларына чейин, жалдоочулар болсо ар бир жиберилген донор үчүн 3 миң долларга чейин алышкан, ал эми акчанын олуттуу бөлүгү каналдын уюштуруучусуна – 30 миң доллардан 70 миң  долларга чейин түшүп турган.

17-апрелде бөйрөктү трансплантациялоо үчүн кезектеги донорду Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жөнөтүү учурунда «Манас» аэропортунун аймагынан өлкө жарандары К.А.К. жана З.Р.З. кармалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM