Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк «Камбар-Ата 1» ГЭС долбоору боюнча макулдашууга жетишти

Кыска кабар | 18 Апр 2024 | 102 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Дүйнөлүк банк тобунун жетекчилиги «Камбар-Ата 1» ГЭСин куруунун алкагында кызматташуунун финансылык моделин иштеп чыгууга макулдашты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров АКШда Дүйнөлүк банктын Экономика жана финансы боюнча аймактык директору Асад Алам, ошондой эле Дүйнөлүк банктын адамдык өнүгүү боюнча вице-президенти Мамта Мерти менен жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдө өнөктөштүктүн алкактык стратегиясын талкуулоо, социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо жаатында кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосунда «Камбар-Ата 1» ГЭСин куруунун алкагында кызматташуунун финансылык моделин иштеп чыгууну макулдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM