Биз менен байланышыңыз

Бонецкий лабораториясы Монополияга каршы кызматын сотко берет

Кыска кабар | 17 Апр 2024 | 105 | 0

Бонецкий лабораториясы ( «Интелмед» ЖЧК) Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын айыптоолоруна жооп берди.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы аталган лаборатория пандемия учурунда бааларды негизсиз жогорулатканы үчүн 423 млн сом айып салынганын билдирген.

Бонецкий лабораториясы бул чечим президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъектилерди текшерүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө жарлыгын одоно бузат деп эсептейт.

Аталган лаборатория Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамды бузган деген жүйө менен 423 миллион сом айып салган токтомуна каршы сотко арызданат.

Ал эми 2020-жылы пандемия учурунда ПЦР-тест кызматына бааларды жогорулатканы тууралуу айыптоо негизсиз экени, баалар ошол кезде Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бекитилгени айтылды.

«2021-жылдын январында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мамлекеттик лабораториялар үчүн баалардын прейскуранты бекитилип, ал Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган. Бир ПЦР-тесттин баасы 1574 сом деп белгиленген. Ошол эле учурда, ПЦР-тестин жүргүзүүгө аккредитация алган бардык жеке лабораториялардагы баалар министрлик бекиткен баалар менен дээрлик бирдей болгон. Бирок эмнегедир Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын биздин компаниянын гана ишмердүүлүгүнө кызыкканы, бул аталган уюмдун бир жактуулугун айгинелейт»  , — деп айтылат лабораториянын билдирүүсүндө.

«Интелмед» компаниясы мамлекеттин бюджетине 2020-жылы 86,8 млн сом, 2021-жылы 251 млн сом, 2022-жылы 190,7 млн сом, 2023-жылы 117 млн сом салыктарды жана социалдык чегерүүлөрдү төлөгөнүн кошумчалашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM