Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт

Кыска кабар | 16 Апр 2024 | 90 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 17-апрелге караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көлдө 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17… +22,

Талас жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +11…+16,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз + 11…+16.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз, +18…+20 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM