Биз менен байланышыңыз

«Каёт» түнкү клубуна мыйзамсыз берилген жер тилкеси мэрияга кайтарылды

Кыска кабар | 16 Апр 2024 | 122 | 0

УКМК коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкектеги Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,0713 га жер тилкеси шаардык мэриянын балансына кайтарылганын кабарлады.

2009-жылы Бишкек мэриясынын айрым кызмат адамдары ишкер менен келишип алып, Тоголок-Молдо көчөсүндөгү (мурдагы «Каёт» түнкү клубу) муниципалдык жер тилкесин менчикке мыйзамсыз бергендиги аныкталды.

Бул жер тилкеси «Спартак» стадионунун кичи аренасынын аймагына таандык болуп, калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер болуп эсептелинген.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын башкы планына жана Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери жеке менчикке берилбейт.

Атайын кызмат жер тилкесин баштапкы ээсине мыйзамсыз берүү фактысын далилдеп, азыркы учурга чейин аталган жер тилкеси бир нече жолу сатылып, акыркы ээси Ж.С.К. тарабынан аянты 0,0713 гектар, баасы 18 300 000 сом болгон жер  тилкеси муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүлүп берилди.

УКМК ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралар улантыларын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM