Бонецкий лабораториясына 423 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан кабарлашты.
“Интелмед” ЖЧКсы (Бонецкий лабораториясы) “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамды бузгандыгы үчүн көрсөтүлгөн сумманы республикалык бюджетке төлөшү керек.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жүргүзгөн талдоого ылайык, COVID-19 пандемиясы учурунда ПЧР-тестирлөө жүргүзүү кызматтарына жогору баа койгону аныкталган.
Бонецкий лабораториясы бул боюнча комментарий бере элек.