Биз менен байланышыңыз

«Алтын тамга» мамлекеттик аттестациясы 14-майда өтөт

Кыска кабар | 16 Апр 2024 | 98 | 0

«Алтын тамга» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы 14-майда өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Алтын тамга» тестине жалпы орто билим берүү программасын артыкчылык менен өздөштүргөн, артыкчылык документине талапкер болгон 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.

Тестти өткөрүүнүн максаты окуучулардын билим деңгээлин аныктоо, көз карандысыз баалоо жүргүзүү, мектептеги билим берүүнү, стандартты жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп эсептелет.

«Алтын тамга» тести эне-тили жана адабияты (45 мүнөт), математика (70 мүнөт), Кыргызстандын тарыхы (45 мүнөт), химия (60 мүнөт) предметтери боюнча өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM