Биз менен байланышыңыз

Мэр: Ататүрк паркындагы 198 объект боюнча токтом жокко чыгарылды

Кыска кабар | 16 Апр 2024 | 149 | 0

Бишкек шаарындагы Ататүрк паркындагы мыйзамсыз кыймылсыз мүлктөр сүрдүрүлөт. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев 16-апрелде маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Ататүрк паркы боюнча аткаруу бийлигинин 124 токтому жокко чыгарылат. Тагыраагы, анда 198 объекти мыйзамсыз экени эсептелди.

«Чечим кабыл алынган. Тиешелүү органдарга жана мекемелерге тапшырма берилди. Бардык иштер мыйзамдын чегинде гана жүргүзүлөт», — деди мэр.

Сейил бактагы мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек.

«Азыркы тапта сейил бакта салынып, эл жашап жаткан үй ээлерине билдирүүлөр берилүүдө. Алар үйлөрдү муниципалитеттин менчигине өз каалоосу менен өткөрүп бериши керек болот. Болбосо сот органдары, башка укук коргоо органдары аркылуу ишке ашырабыз ” , — деди Жунушалиев.

Шаар бийлиги сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM