Биз менен байланышыңыз

Ысык-Атада 11 гектар жерди мыйзамсыз менчиктөөгө шектүүлөр аныкталды

Кыска кабар | 16 Апр 2024 | 99 | 0

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Повровск жана Люксембург айыл аймактарынын аймагындагы 11 гектар  жер  тилкелерине менчик укугун мыйзамсыз каттоо жана легалдаштыруу үчүн соттун чечимдерин бурмалоо, мамлекеттик органдардын ишин жасалмалоо фактылары аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында, Жер ресурстары кызматынын филиалынын мурдагы жетекчиси М.Ш., ошондой эле жер мафиясынын уюштуруучулары С.А., Р.М. кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь сотунун токтомунун негизинде УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

УКМК тарабынан ыкчам-ергөө иш-чаралардын алкагында жогоруда аталган фактыга катыштыгы бар башка кызмат адамдарын  аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM