Биз менен байланышыңыз

Депутаттыкка талапкерлер шайлоочулар менен жолугушат

Кыска кабар | 12 Апр 2024 | 195 | 0

15-апрелден тарта №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жолугушуулары өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Жолугушууларды шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өткөрөт.

БШКнын маалыматына караганда, Баткен округунан 10 талапкер, Ош округунан 14, Кара-Суу шайлоо округунан 11 талапкер бар.

28-апрелде өтө турган мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган шайлоочулардын тизмеси бекитилген, ага 350 миңге жакын шайлоочу катталган, тизме 198 тилкеге илинген.

Ош, Баткен, Кара-Суу шайлоо округдарынан бир катар депутат мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырганы үчүн кайра шайлоо дайындалган.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков парламенттин 13-марттагы жыйынында ондон ашык депутаттын мандаттан ажырашы боюнча комиссия түзүүнү сунуштаган.

«Дагы бир-экөөнүкү жакында алынат». Депутат мандат маселесин көтөрдү

Copyright © 2017 Maral FM