Биз менен байланышыңыз

«Дагы бир-экөөнүкү жакында алынат». Депутат мандат маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 306 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин 3-апрелдеги жыйынында мандатынан ажыраган депутаттар боюнча маселе көтөрдү. Ал бир жарым жылда ар кандай себептерге байланыштуу 10 депутаттын мандаты алынганын, дагы бир-экөөнүкү жакында алынарын маалымдады.

Ал кесиптештерин эл шайлагандан кийин коркпой, акырына чейин иштөөгө чакырды.

«Бул биздин өзүбүздүн күчүбүздү жоготконубуздун көрсөткүчү. Жогорку Кеңеш андай болбошу керек эле. Парламенттин ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн ушул жерде күчүбүздү бириктиришибиз керек, бул бийликтин башка бутагына каршы чыгуу эмес, өзүбүздүн ишибизди жакшыртуу үчүн» , — деди Исхак Масалиев.

Ош, Баткен, Кара-Суу шайлоо округдарынан бир катар депутат мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырганы үчүн кайра шайлоо дайындалган. 28-апрелде боло турган мөөнөтүнөн мурда шайлоого 40тан ашык адам талапкерлигин көрсөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM