Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу министрге сөгүш берилди

Кыска кабар | 11 Апр 2024 | 149 | 0

Бишкек жылуулук электр борборунда быйыл февралда болгон жарылууга байланыштуу Энергетика министрине сөгүш берилди, орун басарына катуу сөгүш берилди.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев ЖЭБдеги авариялык кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында билдирди.

Энергетика ишканаларынын кызматкерлерине тартиптик жазалар берилгени маалым болду.

Жылуулук электр борборундагы авариялык кырдаалдан улам келтирилген чыгымдын алдын ала суммасы 69 миллион 630 миң сомду түзгөнүн борбордун жетекчиси Алпбек Садыров билдирди. Анын айтымында, келтирилген зыяндын көлөмү дагы өсүшү мүмкүн.

Быйыл 2-февралда борбор калаадагы жылуулук электр борборунда авария болуп, анын кесепетинен айрым жабдыктар иштен чыккан. Жылуулук тармагынын белгиленген температурасы +65-70 градустан +35-40ка чейин төмөндөгөн.

Кырсыктын кесепетинен беш кызматкер жабыркаган, алардын дарылануусу азыр да уланууда.

Бишкек ЖЭБин кайрадан ТВЕА компаниясы оңдойт

Copyright © 2017 Maral FM