Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБин кайрадан ТВЕА компаниясы оңдойт

Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 258 | 0

Бишкек жылуулук электр борборунун №3 жана №4 блокторун толук оңдоо боюнча кытайлык ТВЕА компаниясы менен меморандум түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Меморандум борбор калаадагы ЖЭБдин жабдууларынын эскилиги жеткендигине байланыштуу аны калыбына келтирүү максатында кызматташууга багытталган. Аталган документке энергетика министри Таалайбек Ибраев жана ТВЕА компаниясынын төрагасы Чжан Синь кол койду.

Долбоордун суммасы азырынча аныктала элек. Иликтөө иштери жүрүп жатат, жыйынтыгында канча каражат жумшалары анык болот.

Бишкекте кыргыз-кытай ишкерлеринин бизнес-форуму өттү. Анда тараптар 1,1 млрд долларлык келишимге кол коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM