Биз менен байланышыңыз

Бишкектен Каракол, Бостери жана Балыкчы шаарына маршруттук каттам ачылды

Кыска кабар | 11 Апр 2024 | 179 | 0

Борбордогу «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынан Каракол, Бостери жана Балыкчы шаарына  маршруттук  каттам иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Каттамды тейлөө үчүн 10 кичиавтобус даярдалды. Алар күн сайын саат 12:00дөн тарта “Бишкек автобекетинен” чыгышат.

Жол кире акысы төмөндөгүдөй бекитилген:

Бишкек – Каракол – 450 сом;

Бишкек – Бостери – 350 сом;

Бишкек – Балыкчы – 300 сом.

Билетти аралыктан онлайн сатып алууга болот. Ал үчүн төмөнкү номерлерге байланышуу зарыл: +996704190589, +996700981080

Жаңы ачылган маршуттук каттам жай мезгилинде гана иштейт.

“Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы Алматы көчөсү менен шаарды айланып өткөн чоң жолдун кесилишинде жайгашкан.

Буга чейин Каракол, Бостери жана Балыкчы шаарына маршруттук каттамдары «Ак-Жол»авто бекетинде турушчу. Кийин мэрия шаардагы жол тыгынды жоюу максатында шаар ичиндеги автобекеттерди жана «Ош» базарын шаардын сыртына чыгаруу планын иштеп чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM