Биз менен байланышыңыз

Таиланд: Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков коло утту

Кыска кабар , Спорт | 9 Апр 2024 | 256 | 0

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Таиландда өтүп жаткан дүйнө кубогунда кичи коло медаль жеңди.

8-апрель күнү 102 кг чейинки салмакта мелдештер болуп, ага жалпы 42 спортчу катышты.

Бекдөөлөт Расулбеков “В” тайпасында ат салышып, түртүп көтөрүүдө – 165 кг, жулкуп көтөрүүдө – 220 кг багындырды. Жыйынтыгында 172 кг көтөрүп, кичи коло байгенин ээси болду.

Эске салсак, Парижде өтө турган «Олимпиада-2024» оюндарынынын алдында оор атлетика боюнча жыйынтыктоочу “Дүйнө Кубогу” аталышындагы лицензиялык турнир Тайланддын Пхукет шаарында  өтүп жатат. 31-мартта башталган мелдештер 11-апрель күнү жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM