Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Таиландда өтүп жаткан дүйнө кубогунда кичи коло медаль жеңди.
8-апрель күнү 102 кг чейинки салмакта мелдештер болуп, ага жалпы 42 спортчу катышты.
Бекдөөлөт Расулбеков “В” тайпасында ат салышып, түртүп көтөрүүдө – 165 кг, жулкуп көтөрүүдө – 220 кг багындырды. Жыйынтыгында 172 кг көтөрүп, кичи коло байгенин ээси болду.
Эске салсак, Парижде өтө турган «Олимпиада-2024» оюндарынынын алдында оор атлетика боюнча жыйынтыктоочу “Дүйнө Кубогу” аталышындагы лицензиялык турнир Тайланддын Пхукет шаарында өтүп жатат. 31-мартта башталган мелдештер 11-апрель күнү жыйынтыкталат.