Биз менен байланышыңыз

Энергиянын кошумча булактарын куруу үчүн жер участоктору 25 жылга ижарага берилет

Кыска кабар | 9 Апр 2024 | 81 | 0

Министрлер кабинети энергиянын кошумча булактары боюнча айрым чечимдерге өзгөртүү киргизди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документ энергиянын кошумча булактарын өнүктүрүү, куруу, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү максатында иштелип чыккан.

Электр станцияларын куруу үчүн ижара келишиминин шарттары боюнча мамлекеттик жер пайдалануучуларга жер участокторун берүүнүн мөөнөтү 5 жылдан 25 жылга чейин көбөйтүлдү.

Эгер инвестор жер участогун алгандан кийин 3 айдын ичинде энергиянын кошумча булактарынын долбоордук документтерин көрсөтпөсө, 6 айдын ичинде долбоорду ишке ашыруу үчүн алдын ала техникалык-экономикалык негиздеменин (ТЭН) жана ырасталган каржылоо булагынын жоктугу, бир жылдын ичинде кайра жаралуучу энергиянын субъекттери тарабынан курулуш иштерин жүргүзбөсө жер кайтарылып берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM