Биз менен байланышыңыз

Дарылардын тартыштыгы жаралуудабы?

Ден соолук | 8 Апр 2024 | 683 | 0

Аймактардагы дарыгерлер жашоого зарыл делген, бейтаптарды дарылоодо күнүмдүк колдонулган дарылардын 50 дөн ашыгы жок экендигин айтып кайрылышууда. Бул тууралуу Көз карандысыз медициналык профсоюздун башчысы Бермет Барыктабасова айтып чыкты. Ал аймактарды керектүү дарылар менен учурунда камсыздабаса, убагында жардам көрсөтүлбөгөн бейтаптарга бир кокустук болсо, дарыгерлер камалып кетиши да мүмкүн экендигин айтат.

Ош облусунун аймактык ооруканасында иштеген айрым дарыгерлер, Кара-Суу районуна караштуу оорукананын дарыгерлери атын ачык айтуудан карманып, Көз карандысыз медициналык профсоюздун башчысы Бермет Барыктабасовага кайрылышкан. Анда алар жашоого керектүү делген айрым дары-дармектер жетишсиз болуп жатканын айткан.

«Жашоого зарыл делген  дарылардын тизмеси бар. Бул дарылардын бир гана бөлүгү. Мындай дары-дармектер камсыз кылууда өкмөт башы менен жооп бериш керек. Адреналин, окситоцинсиз төрөт үйлөрүндө, жандандандыруу бөлүмдөрүндө иш жүрбөйт. Психотроптук каражаттар, жүрөк кан-тамыр ооруларына керектүү дарылар, эң эле керектүү жана күнүмдүк иште колдонулган зарыл болгон дарылар жок болуп жаткандыгын айтып, дарыгерлер болуп наарызы болуп жатышат. Дарынын тартыштыгы өтө кооптуу. Дары жоктугунан улам бейтаптын жакындары дарыгерлерге нааразы болуп, түрдүү окуялар болуп жатат. Ошондуктан алар мага кайрылып жатат. “Дары жок болсо эмне кылабыз?”- дейт. Чоңдордун дарысын кичинкейлерге сайып, натыйжасы барыбызга маалым. ушуга окшогон  окуялар кайталанып кетсе эмне болот?».

Ал эми Саламатыкты сактоо министилигине караштуу, дары каражаттарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси Наргиза Токтосунова  тийиштүү дарыларды жиберүү уланып жатканын, өлкөдө таңкыстык бар делген маалыматты четке какты.

«Дары кампаларга барып текшерсеңер болот. Жарым жылга жете турган запасы бар.  Дарыларды алууда атайын эрежеси бар. Аймактагы ооруканалар тендер аркылуу жарым жылга дары алышат. Кээ бир ооруканалар тендер аркылуу ала албай калгандыктан, биз учурда алып бергенге аракет кылып жатабыз. 15 –апрелге чейин бардык дары-дармектер камсыз менен камсыз болушат».

Белгилей кетсек, буга чейин да марттын аягында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Телеграмдагы каналында дары-дармектер, медициналык каражаттар аймактарга жетпей жатканын айтып чыккан. Бирок аны Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев төгүндөгөн болчу.

Жаңы эрежеге ылайык, мамлекеттик ооруканаларды бардык керектүү каражат менен камсыз кылуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына жүктөлгөн. Азыркы тапта ар бир оорукана керектүү дарылар үчүн алдын ала өтүнмө бериши керек. Ал эми мурун ооруканалар дарыларды тендер аркылуу квартал сайын өздөрү сатып алып турушкан.

Copyright © 2017 Maral FM