Биз менен байланышыңыз

Президент «чет элдик өкүл» мыйзамы тууралуу комментарий берди

Кыска кабар | 8 Апр 2024 | 118 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук агенттигине маек берип, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам тууралуу комментарий берди.

Садыр Жапаровдун айтымында, мыйзамды кабыл алуунун башкы максаты чет өлкөдөн каржыланган өкмөттүк эмес уюмдарды кайра каттоодон өткөрүп, «чет элдик өкүл» наамын берүү болуп саналат.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча 25 миңдей өкмөттүк эмес уюм катталган болсо, анын 2 миңдейи чет элдик донорлордун каражаттары жана алардын катышуусу менен иш алып барышарын билдирди.

«Чет элдик өкүлдөр» боюнча өзүнчө реестр болорун, бүгүнкү күнгө чейин кандай иштеп келсе ошондой эле иштей беришерин, куугунтук болбойт турганына кепилдик берерин айтты.

«Дагы кайталайм биз аларды куугунтуктайлы деген жерибиз жок. Болгону ачык болсун деп атабыз. Эл билсин деп атабыз кимиси чет өлкөлөрдөн каржыланып атканын. Ошондой эле уставында эмнелерди көрсөтсө ошолор боюнча иш алып барсын деп атабыз. Мунун эмнеси жаман? Ачыктык болсун дегенди мамлекет алардын акчасына көз артууда деп түшүнбөш керек. Башка өлкөлөрдөн грант алып алса алардын акчасын аяп эмне кылабыз. Миллиондоп эмес, миллиарддап алсын. Болгонун ошонун максаттуулугун билели деп атабыз.

«Эшек жайлоо» десем бир тобу катуу чычалашыптыр. Миллиондогон каражаттар өлкөгө кирип, анан кандай максатта сарпталып жатканын көрө албасак бул «эшек жайлоо» эмей анан эмне? Ошол акчалардын бир бөлүгү ички иштерибизге кийлигишип кетпесин деген эле ой. Саясатка аралашкысы келген коммерциялык эмес уюмдар болсо анда партияларга кошулсун же жаңы партияларды ачып алып иш алып бара берсин. Эч ким кой дебейт» , — деди президент.

Президент Садыр Жапаров 2-апрелде «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ал Кыргызстанда 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар буга чейин эч жерге катталбай, отчет бербей келгенин айткан.

«Куугунтук болбойт». Президент «Чет элдик өкүл» мыйзамына кол койгонун билдирди

Copyright © 2017 Maral FM