Биз менен байланышыңыз

«Куугунтук болбойт». Президент «Чет элдик өкүл» мыйзамына кол койгонун билдирди

Кыска кабар | 2 Апр 2024 | 285 | 0

Президент Садыр Жапаров «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга кол койгонун фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. Ал Кыргызстанда 30 жылдан бери иштеп келе жатышкан өкмөттүк эмес уюмдар буга чейин эч жерге катталбай, отчет бербей келгенин айтты.

Мындан ары Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, банктан эсеп ачып, ачык иштей башташарын белгиледи.

Садыр Жапаров “чет элдик агент” макамы берилип, куугунтук берилбей турганына өзү кепил экенине ишендирди. Ал эми чет элдик донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы болуп, вето коюуга чакырып келишкенин төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

“Буга чейин калкыбызда айтылып келген “эшек жайлоо” деген мындан ары болбойт. Ал эми чет өлкөлүк донорлор эмнеге бул мыйзамга каршы деген суроо туулат. Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат.

“Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашат” деген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат.

30 жылдан бери бирөөсүн дагы чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган эми куугунтуктамак белек? Мамлекет башчысы катары кепилдик берем. Эч кандай куугунтук болбойт” , — деди Жапаров.

Жогорку Кеңеш быйыл 14-мартта «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алган.

Документ коммерциялык эмес уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, чет өлкөлүк өкүл катары иш алып барган жана чет өлкөлүк булактардан каржыланган коммерциялык эмес уюмдардын акча каражаттарын ачыктыгын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзамга вето коюу өтүнүчү менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго 30дан ашык эл аралык уюм кайрылуу жолдогон. Алардын баамында, мыйзамдын кабыл алынышы өлкөнүн жарандык коомуна катуу сокку урушу мүмкүн.

Amnesty International Кыргызстанды «Чет элдик өкүл» мыйзамына вето коюуга чакырды

Copyright © 2017 Maral FM