Биз менен байланышыңыз

Amnesty International Кыргызстанды «Чет элдик өкүл» мыйзамына вето коюуга чакырды

Кыска кабар | 15 Мар 2024 | 189 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Кыргызстанды «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга вето коюуга чакырды. Бул тууралуу аталган уюмдун билдирүүсүндө айтылат.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Мари Струтерс: «Бул мыйзамдын парламент тарабынан кабыл алынышы абдан тынчсыздандырат. Он жылдан ашык убакыт мурун биз ушуга окшогон мыйзамдар жарандык коомду системалуу түрдө демонтаждоо үчүн негиз болгонуна күбө болдук», — деп билдирди.

Анын айтымында, бул кадам бирикмелердин эркиндигине жана бейөкмөт уюмдардын көз карандысыздыгына коркунуч келтирип эле калбастан, активдүү жарандык коомдун түзүлүшүнө да бут тосот.

Amnesty International уюму Кыргызстандын президенти «чет элдик өкүл» мыйзамына вето коё алат жана коюшу керек деп эсептейт.

«Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү өкмөткө жана мыйзам чыгаруучуларга биригүү эркиндиги иш жүзүндө кандай экенин эскертип, бул мыйзам президент тарабынан кабыл алынып калышына жол бербөө үчүн жарандык коом менен дароо конструктивдүү диалогго үндөшү абдан маанилүү. Адамдардын, айрыкча коомдун аялуу катмарынын жашоосу жакшырышы үчүн бардык жерде укуктардын сакталышын камсыздоо өкмөттүн милдети», — деп кошумчалады Мари Струтерс.

Жогорку Кеңеш 14-марттагы жыйынында «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алды. 66 депутат макул, бешөө каршы добуш берди.

Документ коммерциялык эмес уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, чет өлкөлүк өкүл катары иш алып барган жана чет өлкөлүк булактардан каржыланган коммерциялык эмес уюмдардын акча каражаттарын ачыктыгын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунан кылмыш жоопкерчилиги алып салынган.

«Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Надира Нарматова, Султанбай Айжигитов, Жамиля Исаева, Жылдыз Садырбаева, Гүлшаркан Култаева, Жаныбек Кыдыкбаев, Кундузбек Сулайманов, Ханжеза Карим, Жусупбек Коргонбай уулу, Айбек Маткеримов, Таалайбек Сарыбашов, Фархат Исмаилов, Аманкан Кенжебаев, Искендер Матраимов, Замирбек Мамасадыков, Нурланбек Ражабалиев, Арсланбек Малиев, Жеңиш Токторбаев, Акылбек Түмөнбаев.

Copyright © 2017 Maral FM