Активист, «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Исаковдун тарапташы Бекназар Айталиев «Маралга» билдирди.
Анын айтымында, Гүлжигит Исаковдун бөйрөгү ооруп жүргөн.
2023-жылы июнь айынын башында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «бийликти күч менен басып алууга аракет көргөн» деген шек менен беш адамды кармаган.
Кармалгандардын арасында “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрайымы Роза Нурматова, “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков, Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Чолпонбек Сыдыкбаев бар болчу, Сыдыкбаев кийин үй камагына чыкканы белгилүү болгон.