Биз менен байланышыңыз

«Дубайда батирим болгону аныкталса, депутатка белек кылам». Бейшеналиев сындарга жооп берди

Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 479 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттар тарабынан өзүнө карата айтылган сындарга жооп берди. Ал байлыгы боюнча мурда министр болгондо да маселе көтөрүлүп, текшерүү жүргүзүлүп, эч нерсе табылбаганын айтты.

Жусупбек Коргонбай уулу айтып жаткан Дубайда батири болгону чын болсо, аны депутатка белек кыларын кошумчалады. Үй-бүлөсү менен салган чоң үйдү мектеп катары колдонуу үчүн бергенин айтты.

«Өзүмдүн 6 мин долларлык автоунаам бар болчу, балама бердим, аялымдын 3-4 миң долларлык унаасы бар. 2005-жылы мен, балам, эжем болуп чоң үй салганбыз, аны баары билет. Аны Арча-Бешикте мектеп катары берип койгонбуз, 450 кыз окуйт. Ошол жерде мен өзүм карайм. Эки бөлмөсүндө аялым, балам менен жашайбыз» , — деди министр.

Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборун Эсептөө палатасы текшерип, эч кандай мыйзам бузуу табылбаганын билдирди. Ал эми депутат Коргонбай уулу аталган борбордун «мүлктөрүн чыгарып кеткен» деп айтканы тууралуу буларды ачыктады.

«Былтыр жайында Сириядан кыргызстандык жарандардын балдары алынып келинет дешкенде биз Арча-Бешиктеги реабилитациялык борборду даярдап, 100 керебет, 100 матрац, 100 балага ылайык идиш-аяк, нан кыла турган мешти алып кеткенбиз. Булардын акт-кагаздары бар«, — деп жооп берди министр.

Бейшеналиев «акча талап кылганы» айтылган башка дарыгерлер да, тагыраагы беш башкы дарыгер депутат Жусупбек Коргонбай уулун сотко беребиз деп жатышканын айтты.

Саламаттык сактоо министрлигинин ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар деген сөздөрдү айтып, министрдин жоопкерчилигин кароону сунуштаган.

Алымкадыр Бейшеналиев дарыгер катары бардык жарандарды дарылоого милдеттүү экенин, депутат өзүн жеке таарынычына байланыштуу сындап жатканын айтып, аны сотко берген.

Парламенттин 3-апрелдеги жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу жарым саат сөз сүйлөп, саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиевди коррупцияга айыптады.

Copyright © 2017 Maral FM