Биз менен байланышыңыз

Саламаттык сактоо министрлигинин ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 3 Апр 2024 | 174 | 0

Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулунун сунушу менен Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссиянын курамына депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Жалолидин Нурбаев, Гүлшаркан Култаева, Шарапаткан Мажитова, Айсаракан Абдибаева, Исхак Масалиев, Султанбай Айжигитов, Нилуфар Алимжанова кирди.

Жусупбек Коргонбай уулу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптап, бир катар фактылары бар экенин айтты. Ошондой эле анын айланасында кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар иштеп жатканын айтып, укук коргоо органдарын текшерүү жүргүзүүгө чакырды.

Жыйында башка дагы депутаттар медицинага байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2023-жылдын сентябрь айында Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп кайра дайындалган.

2022-жылы августта Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулуп, Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болгон.

Ал прокуратура кызматы тарабынан козголгон жети иш боюнча тең акталганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM