Биз менен байланышыңыз

Жаш киночулардын «Үмүт» форуму жыйынтыкталды

Кыска кабар | 2 Апр 2024 | 231 | 0

Кыргызстанда жаш киночулардын «Үмүт» XI эл аралык форуму аяктады. Фестивалды эки кыска метраждуу фильм, жаш режиссер Алиман Токтогулованын «Келечек урпактарга» эмгеги жана быйылкы кинофорум 90 жылдыгына арналган режиссер-документалист Бекеш Абдылдаевдин «Бакча» тасмасы ачты.

Үч күн ичинде көрүүчүлөр 80ден ашык тасманы көрүп чыгышты, андан 18 фильм улуттук, ал эми 12 фильм эл аралык кароо-сынак алкагында көрсөтүлдү.

Катышуучулар алдыӊкы кино эксперттердин мастер-класстарын жана лекцияларын угушту.

Быйыл департамент форумдун питчинг программасы бөлүгүн жандандырды жана жеӊүүчүлөрдү сыйлоо үчүн 600 миӊ сом бөлдү: андан биринчи орунга 400 миӊ сом жана экинчи орунга 200 миӊ сом ыйгарылат.

Калыстардын чечими боюнча, питчингде экинчи орунду «Кызыл туфли» кино долбоору менен Алина Байтокова ээледи. Сюжет кенже курагында чоӊ энесине тарбиялоого берилген режиссердун жекече балалык эскерүүлөрүнө негизделген. Биринчи орунду «Кичинекей почтальон» кыска метраждуу фильми менен Умсунай Мусаева жеӊип алды.

«Ал фильм Розы Айтматова менен Асан Ахматовдун «Каткелди» повестине негизделген. Тасма Улуу ата мекендик согуш убагында өз айылында почточу болуп иштеген баланын жашоосун баяндайт.

«Үмүт» форуму 2013-жылы таланттуу жаштарды колдоо, жаӊы ысымдарды табуу жана жаӊы иштей баштаган режиссерлордун кесиптик өсүшүнө көмөктөшүү үчүн түзүлгөн. Форумду Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаменти КМШга мүчө-мамлекеттеринин гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосунда уюштуруп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM