Биз менен байланышыңыз

Аксыда мектеп окуучусу бычакталып каза болду

Кыска кабар | 2 Апр 2024 | 214 | 0

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 18 жаштагы өспүрүм бычак жеп каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милицияга 31-мартта болжол менен саат 20:30да Аксы райондук ооруканасынан чалуу түшүп, анда ооруканага бычактан жараат алып өспүрүм түшкөндүгү кабарланган. Бул факты “Бейбаштык” фактысы менен катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Жерине ыкчам-тергөө топ барып, окуяга шектүү делген М.Д. аттуу жаранга таандык бычак табылган.

Маалыматка караганда, 31-мартта саат 16:30 чамасында Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну, 11-класстын окуучусу 2006-жылы туулган К.М. айылда чач-тарачканага чачын алдырганы келип, кезекти сураган. Ошол эле айылдын тургуну 9-класстын окуучусу, 2008-жылы туулган М.Д. да кезек күтүп туруп, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик орун алган.

Экөө сыртка чыгып, ал жерде М.К. шектүү делген Д.М. уруп жибергенде башы дубалга тийип жерге кулап түшкөндүгү жана ал туруп баратып өзү жанына салып жүргөн чөнтөгүндөгү маки бычагы менен М.К. сол бутунун санына жана оң бет тарабына сайып жибергендиги такталган.

Натыйжада К.М. алган жараатынан улам Аксы райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, ал эми М.Д. райондук оорукананын сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылган.

31-мартта болжол менен саат 21:50дө К.М. алган жараатынан улам Аксы райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Аталган факты боюнча учурда Аксы РИИБнин Тергөө кызматы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM