Биз менен байланышыңыз

Ташиев коррупцияга каршы күрөштөн канча каражат түшкөнүн айтты

Кыска кабар | 2 Апр 2024 | 209 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «7-каналга» маек куруп, коррупцияга каршы күрөштөн мамлекеттик казынага канча акча түшкөнүн айтты.

Ал коррупция менен күрөшүүдөн накталай түрдө 40 миллиард сом каражат мамлекеттик бюджетке которулганын кабарлады. Ал эми мамлекетке толук өтүп бүтө элек акчалай, кыймылсыз мүлк, мал, унаа ж.б. түрүндөгү кирешелерди эске алганда, акыркы үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн түшүп жаткан сумма 100 миллиард сомдон ашып кеткенин айтты.

Ташиев мындан тышкары, акыркы 2 жылда армияны күчтөндүрүүгө 2 миллиард доллардан ашык каражат жумшалганын билдирди.

“Жакында биз коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгында канча акча түштү, кайсы күнү түштү, кимден түштү — жарыя кылабыз. Мына ошол тизмеден ар ким өзүнүн мамлекетке канча акча бергенин анык көрө алат. Бул биздин «жарымын сол чөнтөккө уруп, жыргап атышат» дегендерге берген жообубуз болот. Жеке мен турганда мамлекеттин бир да тыйынын сол чөнтөккө урдурбайм, бир сомун дагы жедирбейм. Буга мен жүз пайыз кепилдик берем» , — деди УКМК төрагасы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM