Биз менен байланышыңыз

Новопавловка айылында үч күн жаратылыш газы өчөт

Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 129 | 0

«Бишкекгаз» газ кызматы  3-апрелден 5-апрелге чейин Новопавловка айылында жаңы абоненттерди газга кошуу боюнча өндүрүштүк иштерди жүргүзөт. Буга байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда жаратылыш газы өчүрүлөт:

Абакан көчөсү, Сарыкулаков көчөсү, Красноводский тилкеси, Камчатская көчөсү, Алыкулов көчөсү, Ден Сяопин пр., Фрунзе көчөсү, Киров жана Ворошилов көчөлөрү.

«Бишкекгаз» ишканасы жаратылыш газын өчүрүү мезгилинде абоненттерди альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү суранат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM