Биз менен байланышыңыз

Бүбү-бакшыларды, көз боемочуларды жарнамалоого тыюу салуу сунушталды

Кыска кабар | 1 Апр 2024 | 123 | 0

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин  1-апрелдеги жыйынында «Жарнама жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, долбоор кандайдыр-бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүү жагынан жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыкты.

«Турмуштук татаал кырдаалда турган жарандарыбыз көп учурда экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандарга кайрылат, мындай кырдаалда алдамчыларга кайрылган жарандар гана жапа чегүүдө. Өлкөбүздө экстрасенс жана сыйкырчы деп аталгандардын кайырмагына түшкөн жарандарыбыздын саны аз эмес» , -деди депутат Маматалиев.

«Жарнама жөнүндө» мыйзамдын 16-беренесине ылайык, көзү ачыктарды жарнамалоо Укук бузуулар кодекси боюнча жоопкерчиликке алып келет. Бирок бул мыйзамдарда дал окульттук жана магиялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө бөлүк жазылган эмес. Андыктан сунушталган долбоор алдамчылык аракеттерди маалыматтык мейкиндикте жарнамалоого тыюу салууга мүмкүндүк берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM