Биз менен байланышыңыз

УКМК Таласта акча опузалаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады

Кыска кабар | 29 Мар 2024 | 141 | 0

Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлагандай, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Ж.А.А., К.Э.Ж. жана башка адамдар күч колдоном деп коркутуп, Казакстандын жараны Т.Т.Т. адамдан 250 миң сом акча каражатын талап кылышкан.

Алар Казакстандын жаранынан 60 миң сом карызын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган деген шылтоого жамынып, жогорку суммадагы акчаны опузалашкан.

2023-жылдын декабрынан бүгүнкү күнгө чейин карыздын кечиктирилиши үчүн “пайыз” деп аталган сумманы эске алуу менен талап кылынган акча 250 000 сомго чейин көбөйтүлгөн.

Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча иш козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында К.Э.Ж. талап кылынган сумманын 140 000 сомун алып жаткан учурда кармалган.

Кармалган адамдар казакстандык тургунша таандык BMW 530 үлгүсүндөгү унааны да күрөө катары  мыйзамсыз ээлеп алышкан.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан опузалап акча талап кылуу фактылары тууралуу маалыматы бар жарандарды 0312-66-04-75 телефон номурлары  аркылуу тез арада билдирүүгө чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM