Биз менен байланышыңыз

Бишкекте катуу шамалга байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды

Кыска кабар | 28 Мар 2024 | 211 | 0

Бишкек шаарында катуу шамал катталганына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев штабдын көчмө жыйынын өткөрүп, шамалдын кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу буйрукка кол койду.

Кооптуу аймактарды, асылып турган чатырлар, кондицинерлер, чоң бутактар ж.б. изилдөө жана анын кесепеттерин аныктоо максатында райондук администрациялардан, муниципалдык инспекциядан жана коммуналдык кызматтардан турган мобилдик топтор уюштурулду.

Бардык шаардык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү.

Социалдык объектилерде, чатырын шамал учуруп кеткен мектептерде, бала бакчаларда иштерди сапатсыз аткаруу фактыларын аныктоо боюнча комиссия түзүү тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM