Биз менен байланышыңыз

Эки айда бирдиктүү салык системасы боюнча 2,1 млрд сом чогулду

Кыска кабар | 28 Мар 2024 | 114 | 0

Быйыл январь-февраль айларында бирдиктүү салыктын негизинде жөнөкөйлөтүлгөн система боюнча 2 млрд 172,8 млн сом салык чогулду. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 267,8 млн сомго көп жыйналган.

2024-жылдын 1-мартына карата бирдиктүү салыкты төлөөчүлөрдүн саны 174 миң 447ни түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 80 миң 841ге көп.

Товарларды, жумуштарды сатуу жана кызмат көрсөтүү менен алектенген жеке ишкерлер 2022-жылдан баштап 0%дык ставка боюнча салык төлөй алышат. Ошондой эле алар 2022-жылдан тарта бирдиктүү салык боюнча отчет тапшыруудан бошотулушкан.

Эгер жеке ишкер көрсөтүлгөн убакта кайрадан катталса же башка салыктык режимден салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өтсө, бул ставканы колдоно алат. Бул учурда ал сөзсүз ККМди колдонууга милдеттүү, ал эми түшкөн акчанын көлөмү акыркы 12 айда 15 млн сомдон ашпашы керек.

Бирдиктүү салыктын негизинде иш жүргүзгөн тигүү өндүрүшүнүн субъекттери үчүн 2027-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө 5 жыл ичинде түшкөн акчадан 0,25% өлчөмүндө төмөндөтүлгөн ставка каралган. Мындан сырткары, тигүү өндүрүшүнүн субъекттеринде бул тармакта иш жүргүзүү үчүн түшкөн акчанын көлөмү боюнча чектөө жок.

Бирдиктүү салык системасы салыктын үч түрүн (киреше салыгын, сатуу салыгын жана салык салынуучу берүүлөргө КНСти) алмаштырат, бул чакан жана орто бизнеске тиешелүү салыктар төлөнгөн кирешелерди мыйзамдаштырууга мүмкүндүк берет.

1-июлдан баштап патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү жокко чыгарылат. Соода ишинин субъекттери альтернатива катары жөнөкөйлөтүлгөн бирдиктүү салык системасын тандай алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM