Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: Ош округунан депутаттыкка талапкер болууга үч киши арыз берди

Кыска кабар | 26 Мар 2024 | 151 | 0

№7 Ош бир мандаттуу округунан депутаттыкка талапкер болууга үч киши арыз берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Авазбек Абдугапаров, Абдивали Балтабаев, Максатбек Маматкулов арыз түштү.

Мындан тышкары, №9 Кара-Суу шайлоо округунан он киши депутаттыкка талапкер болууга арыз берген.

Ал эми №2 Баткен шайлоо округунан тогуз талапкер бар.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 28-мартка жылдырылды.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген депутат Айбек Осмоновдун мандатын алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM