Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: Ош округунан депутаттыкка талапкер болууга арыз түшө элек

Кыска кабар | 25 Мар 2024 | 114 | 0

25-мартка карата №2 Баткен жана №9 Кара-Суу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз бергендердин саны 15ке жетти.

Кара-Суу шайлоо округунан талапкер болууга арыз бергендер сегиз киши. Алар — Бакир Бакытбек, Ганишер Бадалов, Турдубек Орунбаев, Сталбек Ажимаматов, Илимбек Кубанычбеков, Руслан Маматов, Толкун Эргешов, Дамирбек Давлянов.

Баткен шайлоо округунан Алимберди Бегматов, Кенеш Салихов, Бактыяр Калпаев, Максатбек Дыйканов, Бакытбек Шадыманов, Асылбек Мадалиев, Жалил Каработоев, Замирбек Кожонов, Аширбай Раимкулов депутатыкка талапкер болуу үчүн арыз берген.

Ал эми №7 Ош бир мандаттуу округунан депутаттыкка талапкер болууга арыз келе элек.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелге дайындалган. Талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM