Биз менен байланышыңыз

Элчилик «Крокус-Ситиде» иштеген эки кыргызстандыкты издеп жатат

Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 503 | 0

Социалдык тармактарда  «Крокус Сити Холлдо» официант болуп иштеген 20 жана 24 жаштагы кыргызстандык эки кыз дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат тарады.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратып, эки кыргызстандык кыздардын аты-жөнү каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында жок экенин айтты. Ошол эле убакта кыздардын жакындары менен жана Орусиянын тиешелүү органдары менен тыгыз байланышта экенин кошумчалады.

Учурда Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун 37синин аты-жөнү такталганын жазган. Каза болгондордун саны 133кө жеткен.

Москвадагы теракт: каза болгондордун саны 130дан ашты

 

Copyright © 2017 Maral FM