Биз менен байланышыңыз

Москвадагы теракт: каза болгондордун саны 130дан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2024 | 302 | 0

Москва облусундагы «Крокус-Сити Холл» имаратындагы теракттан улам каза тапкандардын саны 133кө жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Каза тапкандардын үчөө жаш балдар. Саламаттык сактоо министрлиги каза болгондордун 37синин аты-жөнү жана туулган жылы такталганын билдирди.  Жаракат алгандардын саны 180ден ашык. Анын ичинде сегизи жаш балдар.

Орусия президенти бул каргашалуу окуя боюнча бүгүн, 23-март кечинде кайрылуу жасады. Анда ал окуяга шектүүлөр кармалганын, алар Украина тарапка качууга аракет кылганын, аларга чек араны кесип өтүүгө атайын жол даярдалганын айтты.

Ал бул окуяга тиешелүүлөр жазалана турганын да кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM