Биз менен байланышыңыз

1-майдан тарта электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт

Коом , Экономика | 19 Мар 2024 | 1175 | 0

Май айынан тарта өлкөдө калк үчүн электр энергиясына болгон тариф 1 сом 11 тыйынга кымбаттайт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Министрлер кабинети май айында электр энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Өкмөт 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттөгү тариф саясатын бекиткен. Ал инфляцияны эске алганда 2025-жылга чейин бардык керектөөчүлөр үчүн каралган. Айрым адистер учурдагы тариф өзүн актабай жатканын айтышса, кээ бири тарифти көтөрүү менен электр тармагындагы көйгөйлөр чечилбей турганын белгилешет. 

Энергетика министрлиги «2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» тиешелүү документтин долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Аталган тарифтик саясат 2025-жылга чейин бардык керектөөчүлөрдүн топтору үчүн инфляциянын деңгээлине жыл сайын түзөтүүлөрдү киргизүү менен тарифтерди белгилөөнү карайт.

Быйыл 1-майдан тарта бардык керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын тарифтери өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине түзөтүлүп, 10,8 % га жогорулашы күтүлүүдө.

Буга чейин Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика департаментинин тариф жана бааны жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Замир Маматов энергетика тармагынын каржылык-экономикалык абалы тууралуу «Маралдын» эфиринде маалымат берген.

Ал учурда өлкөдөгү электр энергиясынын баасы реалдуу наркынан бир топ төмөн экенин айткан.

«Бүгүнкү күндө калк үчүн электр энергиясына болгон тарифтер социалдык багыттагы болуп саналат, башкача айтканда, өзүнүн реалдуу наркынан бир топ төмөн белгиленгенин айтып келе жатабыз. Мисалы, калк үчүн электр энергиясына болгон тариф 700 кВт/саат көлөмгө чейин 1 сом өлчөмүндө белгиленген, ал эми 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча өздүк нарк 2 сом 41 тыйын болуп, ал 41,5%ын гана түзгөн. Ошондой эле 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча энергетикалык компаниялардын факт жүзүндөгү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн негизинде киреше – 28,9 млрд сомду, чыгаша (сарптоолор) – 35,5 млрд сомду түздү. Мында энергетика тармагындагы каражаттын тартыштыгы 6,6 млрд сом болду. Ошентип 2023-жылы электр энергиясынын өздүк наркы 1 кВт/саат үчүн 2 сом 41 тыйынга жетти».

Энергетика маселелери боюнча эксперт Калый Рахимов бүгүнкү күндөгү электр энергиясына болгон тариф төмөн экенин, өзүн актабай жатканын белгиледи.

Анын айтымында, баанын өздүк наркынан аз болушу өлкөдөгү энергетикалык абалдын начарлап кеткенине себеп болду.

«Президенттер эл таарынып калбасын деп эле төмөн кармап жүрдү. Ошон үчүн энергетика абдан начар абалга түшүп калды. Өнүкпөй-өспөй калды. Жылына 3 млрд кВт/саат сатып алып жатабыз. Азыркы учурда президент чоң аракет кылып жатат «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча. Бул долбоор 8-10 жылда бүтө турган иш. Азыркы учурда энергетиктер абдан оор абалда. Былтыр 23 тыйынга эле кымбаттап, бир сомго көтөрүлгөн. Ал да аз болуп турат».

Кыргызстандын аймактарында электр энергиясына болгон муктаждыкты жоюу максатында чакан ГЭСтерди куруу планы ишке ашырылып жатат. Аны курган ишкерлерге жеңилдиктер берилүүдө.

2023-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышып, өлкөгө 50гө жакын чакан ГЭС куруу зарыл экенин айткан.

Энергетика тармагы боюнча адис Эрнест Карыбеков электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуу менен өлкөдөгү көйгөйлөр чечилбешин эскертти. Ал өкмөттүн бул саясатын сындады.

Карыбеков өлкөнүн энергетика тармагын улутташтырууну сунуштайт. Ошондой эле экономиканы өнүктүрүү үчүн электр энергиясын арзандатуу керектигин айтат.

«Энергетиканы ушул саясат менен башкарып кете беришсе, канча президент алмашты, ошол эле саясат кетип баратат. Бул саясаттан чыгуу керек. Тарифти кымбаттатпаган, төмөндөткөн саясатка өтүү керек. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жок болсо мейли эле. Башка энергоресурстары жок мамлекеттер кымбаттатса болот. Бизде бардык ресурс бар. Суу, көмүр бар. Эгер биз өзүбүздүн энергоресурстарыбызга өтсөк, приоритеттүү базалык станцияларды курсак, азыркы эле станцияларды иштетип, өлкөнү да, экономиканы да жана элди 1 сом электр энергиясы менен камсыздап берсек болот».

Өлкөдө электр энергиясына болгон тариф 2023-жылы 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт/саат электр энергиясы 1 сом болгон. 700 кВт/сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Ошондой эле электр жарыгын чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн 5 сом 4 тыйын өлчөмү 2022-жылы июль айында кирген.

Copyright © 2017 Maral FM