Биз менен байланышыңыз

Бир жумада 22 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталган

Кыска кабар | 18 Мар 2024 | 205 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 11-марттан 17-мартка чейинки жол эрежелерин бузуу фактыларын жарыялады.

Андан белгилүү болгондой, бир жумада 22 миң 563 эреже бузуу катталган. Анын ичинен:

  • 224 айдоочунун тиешелүү документтери жок болуп чыккан;
  • 83 айдоочунун канынан алкоголь табылган;
  • 61 айдоочу унаасынын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан;
  • 873 жөө адам жолдо жүрүү эрежесин бузган;
  • 3234 айдоочу унаасын туура эмес жайга токтоткон;
  • 5 айдоочу ээнбаштык жасаган;
  • 4460 айдоочу унаасын белгиленген ылдамдыктан ашыра айдаган;
  • 1 айдоочу жасалма номур менен жүргөн;
  • 13 миң 622 башка да эреже бузуулар болгон.

Булардын ичинен 992 унаа айып короосуна токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM