Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги таштанды жайды тосууда мамлекет зыян тарткан

Кыска кабар | 18 Мар 2024 | 113 | 0

Бишкектеги санитардык полигонду тосуу боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, 2022-жылдын январь айынын аягында «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасы мамлекеттик сатып алуулар порталына бетон тосмолорду орнотуу боюнча тендер жарыялаган. Ага Бишкек мэриясы 22 млн 320 миң сомдон ашуун акча бөлгөн. Сынакка катышууга эки компания арыз берип, «АБК Голд» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган.

2022-жылдын декабрында «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын жетекчиси жеңүүчү компания менен келишим түзүп, таштанды жайдын айланасына тосмо орнотуу иштери башталган. Келишимге ылайык, ишти аяктоо мөөнөтү 60 календардык күн деп белгиленген. Бирок иш толук бүтө элек болгондуктан тараптар кабыл алуу актысына кол коё элек.

Ишти аткарууда «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери сметалык документтерди берген эмес. Мындан тышкары бөлүнгөн акчанын баарын иш аткаруучунун эсебине толук которуп коюшкан.

Алдын ала баалоодо жасалган иштин сапаты талаптарга такыр жооп бербеси аныкталган. Аны менен катар иш аткаруучу жаңы тосмолорду сатып албастан, мурда колдонулган эски материалдарды пайдаланган. Мындан улам мамлекет 22 миллион 324 миң сомдон ашык зыян тарткан.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен иш козголгон. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM