Биз менен байланышыңыз

Менчик томографиялык мекемелер тейлөө акысын арзандатты

Кыска кабар | 18 Мар 2024 | 132 | 0

Жеке менчик медициналык мекемелерде томографиялык текшерүүлөрдүн баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМК баа саясатын жөнгө салуу чараларынын алкагында жеке менчик медициналык мекемелердин жетекчилери менен жыйын өткөргөн. Анда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жана баасы талкууланып, натыйжада бир катар томографиялык мекемелер менен макулдашуулар түзүлгөн.

Тейлөө баасын 20%га чейин арзандатууга «Юнит-Реактив Фарма», «Медипол», Shanshui Silk Road KG, «Альфа МЕД-ЛТД», «Берди», «Медипарк», «Гүлмед», Sistem özel tıbbi yatirimlar ve ticaret, «Юрфа», «Авиценна», «Меди», «Веданта», ал эми 30%га чейинки арзандатууга «Кортекс неврологиялык борбору» макулдук берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM