Бишкекте Нооруз майрамына байланыштуу «Ала-Тоо» аянтындагы айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Патрулдук милициядан билдиришти.
20-21-мартта төмөндөгү көчөлөр жабылат:
-Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
-Раззаков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин;
— Орозбеков көчөсү Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.
Кыргызстанда 21-март Нооруз майрамы белгиленет.
Нооруз майрамы 21-март бейшемби күнгө туш келет. Андан кийинки 22-марттагы иш күнү 8-апрелге жылдырылган.
7-апрель — Элдик апрель революциясына байланыштуу календарда кызыл менен белгиленген. Бул күн жекшембиге туш келгендиктен жарандар 8-апрель, дүйшөмбү эс алышы керек болчу. Ошентип өлкөдө 21-марттан 24-мартка чейин демалыш болот.